Көлөмү таруу данындай болгон тыйындарды элестете аласызбы. Аларды колдонуу ыңгайсыз экени анык, бирок нумизматика дүйнөсүндө микроскопиялык өлчөмү менен таң калтырган искусство чыгармалары бар. Алар лупа жана жарыгы менен кошо сатылат.
КРнын Улуттук банкынын өкүлү Дана Сайфуллина «Золотой червонец» журналынын вебинарына катышып, эстелик тыйындардын ийгилигине дизайн кандай таасир тийгизерин айтып берди. Ага «Гознак» ААКнын, Казакстандын, Беларустун жана Армениянын улуттук банктарынын кызматкерлери жана тыйын рыногунун эксперттери катышты.